Бишкекте 19-майда «Маданий демилгелер биенналеси» аттуу эки күндүк иш-чара жыйынтыкталды.
Өнөрпоздорду бириктирген иш-чараны «Терра Паблик» коомдук фонду демилгелеп, «Силикон өрөөнү» фондунун колдоосу менен уюштурду.
Маданий көргөзмөгө өлкөдөгү жыйырмадан ашык маданий жана коомдук уюм катышты. Алар мультимедиа тиркемелерин, басылмаларды, кинофильмдерди, аудио жазууларды, сайттар менен электрондук платформаларды, улуттук кийимдердин реконструкцияланган үлгүлѳрүн көрсөтүштү.
Көргөзмөгө келген конокторго презентациялар тартууланып, мектеп окуучуларына кол өнөрчүлүк боюнча мастер-класстар жана оюн-зоок иш-чаралары уюштурулду.
Форумдун максаты – салттуу билим менен маданий тажрыйбаны жайылтуу, коомдук уюмдардын ѳлкѳнүн маданий мурастарын калыптандыруудагы ролун артыруу болду. (MZh)
Дагы караңыз
Казакстанда дагы эки активист саясий туткундардын тизмесине кошулдуБишкек: Комментарий үчүн соттолгон качкындын иши Жогорку сотко өттү АКШ түрк президентинин "анти семит" комментарийин айыптадыУКМК чек ара тууралуу так эмес маалымат таратпоого чакырды