Токио: дарыгерлер тобу бийликти Олимп оюндарын өткөрбөөгө чакырды

Жапонияда медицина кызматкерлеринин абройлуу биримдиги өлкө бийлигин жайкы Олимп оюндарын өткөрбөө чакырыгын колдоп чыкты. Токиодо спорттук мелдешти өткөрүүгө үч айдай убакыт калганда коронавирус инфекциясынын өсүшү байкалууда.

Катарында алты миңге жакын "Тез жардам" кызматынын жумушчусу бар Токиодогу дарыгерлер бирикмеси өлкөдө коронавирус жуктургандар көбөйүп, баш калаадагы ооруканалар бейтаптарга толуп калганын белгиледи.

"Биз бийликтен Эл аралык олимпиада комитетин спорттук мелдештерди өткөрүү оор экенин ынандырып, андан баш тартууга жетишүүсүн суранабыз", - деп айтылат жапон премьер-министри Ёсихидэ Сугеге жолдонгон ачык катта.

Буга чейин мындай тынчсызданууну башка медициналык топтор менен саламаттыкты сактоо тармагындагы эксперттер да билдиришкен. Учурда жапон өкмөтүн Олимп оюндарын өткөрүүдөн баш тартууга чакырган онлайн-петицияга жүз миңдеген киши кол койду.

Жапония COVID-19 илдетине байланыштуу жагдай башка мамлекеттерге салыштырмалуу түзүк болгону менен жапон өкмөтү өлкөдө эмдөө өнөктүгү жай жүрүп жатканынан улам сынга кабылып келет. Учурда өлкө калкынын 3,5% гана эмдөөдөн өттү.

Айдын башында өкмөт коронавирус инфекциясынын жайылуусун басаңдатуу үчүн баш калаа Токио баштаган үч префектурада өзгөчө абал режиминин мөөнөтүн 31-майга чейин узарткан.

Премьер Ёсихидэ Суга вирустун жайылуусун токтотуу үчүн бардык зарыл чаралар көрүлсө, Жапония эл аралык мелдештерди коопсуз өткөрө аларын билдирүүдө. Токио жайкы Олимпиа оюндары пандемиядан улам өткөн жылы болбой калган.