19-майда Кыргызстандын аймагында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолордо кар жаайт. Бийик тоолуу аймактарда жолдор тайгак болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 10...15, күндүз 27…32;
Талас жергесинде түнкүсүн 8...13, күндүз 26…31;
Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 13…18, күндүз 29…34;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 18…23;
Нарын облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 19…24;
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -1…-6, күндүз 3…8 градус болот.
Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 13…15, күндүз 29…31 градус болот.
Дагы караңыз
Гуантанамодо кармалган пакистандыкты бошотуу жактырылдыБаткендин макамы боюнча жыйынга тийиштүү жетекчилер катышпаганы сынга кабылдыИзраиль менен ХАМАС ортосундагы кармаш уланууда "Центерра Голд" Кыргызстандын акцияларды башкаруу укугун чектеди