Тышкы иштер министр Руслан Казакбаев эртең, 19-майда Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) кеңешине катышат. Мекеменин маалымат кызматы билдиргендей, жыйынга уюмга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлери келет.
Анда эл аралык маселелер, региондогу кырдаал талкууланат. Мындан тышкары ЖККУнун алкагында тышкы саясат байланышын күчөтүү тууралуу сөз болот.
ЖККУ 1992-жылы "тынчтыкты, эл аралык жана аймактык коопсуздукту, туруктуулукту бекемдөө, жамааттык негизде коргонуу" максатында түзүлгөн. Ага Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан мүчө.
Жогорку Кеңештин айрым депутаттары ЖККУ Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда адам өлүмү менен коштолгон чек ара чыры чыкканда реакция кылбаганын сындашкан.
28-30-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык, 19 тажикстандык каза болду.
Эки өлкө бирин бири айыптап, кылмыш иштерин козгошкон. (MiK)
Дагы караңыз
Жазык-укук кодекстерине сунуштар талкууланууда Галина Байтерек иштен алынып, жаңы кызматка дайындалдыПрезиденттин басма сөз катчысы болуп Эрбол Султанбаев дайындалды Тенгиз Бөлтүрүк “Кумтөрдүн” сырттан башкаруучусу болгону кабарланды Президент Садыр Жапаров аралыктан иштөө режимине өттүКоронавирустан дагы жети бейтап көз жумдуБаткен администрациясы: Кыргыз жарандарын сабаган тажик жарандарын мыйзам чегинде жоопко тартуу макулдашылды