"Центерра Голд" (Centerra Gold Inc.) компаниясы тараткан маалыматка ылайык, "Кыргызалтын" Кумтөрдөгү 26% акциясын башка тараптарга өткөрүп бере албайт жана алмашууга тыюу салынат. Ошондой эле акцияга байланышкан добуш берүү укугу чектелет. Компания мындай чечимди Кумтөр кенинин айланасындагы соңку окуяларга байланыштуу кабыл алды.
Аталган компаниянын билдиришинче, акциялар тууралуу чечимдер "Кыргызалтын" менен "Центерра Голддун" 2009-жылдагы келишиминде каралган. Анда кыргыз тарап акцияларын башкаруу мөөнөтүн азыр узарта албастыгы жазылган.
Канаданын BNN Bloomberg басылмасы 15-майда "Кыргызалтын" ишканасы "Центерра Голддогу" үлүшүнүн 19% сатууну көздөп жатканын жазып чыккан.
Басылма акцияларын сатууну "Кыргызалтын" өзү жарыя кылганын, бул акция баасынын төмөндөшүнө алып келгенин билдирген.
Ал эми "Центерра Голддун" Кыргызстандын өкүлчүлүгү бул маалыматты четке каккан.
"Кыргызалтындын" аталган компанияда 77,4 млн. акциясы бар жана ишкана акциялардын сатыкка коюлганы тууралуу маалыматка үн ката элек.
17-майда Жогорку Кеңеш министрлер кабинетине “Кумтөр Голд” ишканасына убактылуу тышкы башкаруу киргизүүнү тапшырды. Анда убактылуу тышкы башкаруу үч айлык мөөнөткө киргизилери, эгер зарыл болсо дагы үч айга узартылары айтылды. (MiK)
Дагы караңыз
Галина Байтерек иштен алынып, жаңы кызматка дайындалдыПрезиденттин басма сөз катчысы болуп Эрбол Султанбаев дайындалды Тенгиз Бөлтүрүк “Кумтөрдүн” сырттан башкаруучусу болгону кабарланды Президент Садыр Жапаров аралыктан иштөө режимине өттүКоронавирустан дагы жети бейтап көз жумдуБаткен администрациясы: Кыргыз жарандарын сабаган тажик жарандарын мыйзам чегинде жоопко тартуу макулдашылдыАк-Сай менен Ворух чектешкен жерге милициянын биргелешкен посту коюлду