Суваналиев: Чек арада жаңжал чыгат деген маалымат болгон эмес

Өмүрбек Суваналиев.

Баткен облусунун мурдагы башчысы Өмүрбек Суваналиев “Азаттыктагы” маегинде “кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал жөнүндө жергиликтүү бийликте маалымат болгон эмес” деп билдирди.

“Мындай чоң жаңжал чыгып кетет деген маалымат жок болчу. “Билгенбиз” – деп көпчүлүгү жалган айтып жатат. Алар окопторду казып жатканда сүрөткө тартып өзүбүз таратканбыз. Алар силерде дагы ушундай окоптор бар экен деп айтышты. 28-апрелде сүйлөшүп, окопторду жабалы деп келишкенбиз”, - деди Суваналиев.

Суваналиев акырына чейин жаңжалды алдын алууга аракет кылып, чыңалууну сүйлөшүү менен чечүүгө аракет кылганын билдирди. Мурунку облус башчы кыргыз-тажик чек арасындагы окуяны жаңжал эмес, согуш деп сыпаттады. Ошондой эле “кыргыз-тажик элдеринин ортосунда антогонисттик маанай күчтүү. Буга 30 жылдык бийликтин кайдыгерлиги себепкер” деди.

Өкмөттүн Баткен облсундагы өкүлү Өмүрбек Суваналиев 4-майда “башка кызматка өткөнүнө байланыштуу” деген жүйө менен кызматтан бошотулган. Баткен облусунун жетекчисин алмаштыруу тууралуу чечим Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда ондогон адамдын өмүрүн алган жаңжалдан кийин кабыл алынган. (TSh)