"Левада": Москвада «Бирдиктүү Орусиянын» рейтинги 15% түштү

"Бирдиктүү Орусия" саясий партиясынын тарапташтары, Екатеринбург, 2014-жыл.

Эгерде Мамлекеттик Думага жакынкы жекшембиде шайлоо болсо «Бирдиктүү Орусия» партиясына добуш берчү москвалыктардын үлүшү 15% түзөрү «Левада" борборунун апрелде жүргүзгөн социологиялык сурамжылоосунун жыйынтыгында белгилүү болду.

Москвада бийликтин партиясы үчүн добуш берүүнү каалагандардын катышы быйыл февраль айында эле 27% болчу.

"Левада" борбору шайлоого чейин тандоосун аныктаган аң-сезимдүү электораттын алдыдагы күчүн эсепке алуу менен сурамжылоонун жыйынтыгы чыгарылганын белгилеп, анда «Бирдиктүү Орусия» Москвада партиялык тизме менен шайлоодо 28% алмак деген божомол айтылган.

Ошол эле кезде сурамжылоого катышкандардын жарынан көбү Мамлекеттик Думага шайлоо качан болорун билишпей турганын айтышса, электораттын 25% эч кайсы партияга добушун ыраа көрбөсүн, респонденттердин 17% башка, ар кайсы партияны тандарын көрсөткөн.

«Левада" борборунун сурамжылоосу көргөзгөндөй, 24% москвалыктар оппозициялык саясатчы Алексей Навальныйды колдоп, ошол эле кезде анын ишмердигин жактырбагандардын көрсөткүчү дагы жогору экени аныкталган.

Дагы караңыз

Өкмөт менен "Кумтөрдүн" тиреши“Центерра” Кумтөр кенин көзөмөлдөбөй калганын билдирдиИзраил жоочулардын кол башчысы жок кылынганын билдирдиБөрүбаев: Дүйшөмбүдө Лейлек менен чектешкен аймактарды сүйлөштүк