Бишкекте жаш пианисттер арасында сынак жарыяланды

Афиша.

Кыргызстанда жаш пианисттер арасында республикалык “Жаңы муун” деп аталган сынак жарыяланды. Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлашты. Музыкалык сынакка 14 жаштан 25 жашка чейинки курактагы пианисттер катыша алат. Сурап билүү телефону – 0550435524.

Сынак 4-9-июнь күндөрү Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз Улуттук консерваториясында өтөт. Байге фонду 225 миң сом жана эки фортепиано сыйлык катары берилет. Иш-чараны Маданият министрлиги, Кыргыз Улуттук консерваториясы, Sound.kg компаниясы жана «Классика» фонду өткөрүп жатат. (TSh)

Дагы караңыз

Садыр Жапаров менен Никол Пашинян кыргыз-армян алакасын талкууладыТоктогулда 9,7 миллиард куб метр суу топтолдуЖогорку Кеңеш "Кумтөргө" убактылуу тышкы башкаруу киргизүүнү колдоду