Сокулук районунда 35 жаштагы жаран 14 жаштагы өгөй кызын зордуктоого шек саналып милициянын убактылуу тергөө жайына кармалды.
Бул тууралуу "Азаттыкка" Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Нургүл Нусупова маалымдады.
Ага ылайык, 15-майда 40 жаштагы аял 2012-жылдан бери чогуу жашаган 35 жаштагы түгөйүнө каршы арыз менен кайрылган. Анда биринчи никесинен 2006-жылы төрөлгөн өспүрүм кызын зордуктаганын билдирген.
Окуяга байланыштуу сотко чейинки териштирүү башталды. Соттук медициналык экспертиза дайындалып, бл факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 106- беренеси (16 жашка чыга элек өспүрүмгө карата жыныстык катнаш түзүүгө аракет кылуу) менен катталды.
Расмий маалыматка ылайык, 2020-жылы жашы жете элек балдарга карата жалпысынан 1101 кылмыш иши катталган жана анын 150дөйү жыныстык мүнөздө болгон.
Жашы жете электерге жыныстык зомбулук кылган деген шек менен 57 жаран кармалган. Алардын канчасы сот жоопкерчилигине тартылганы тууралуу так маалымат жок. (BCh)
Дагы караңыз
Жапаров: Кумтөр эки айдан бери башкаруусуз турат, мөңгүлөрдү көзөмөлдөгөн система да өчтүЧек ара: топографиялык жумушчу топтор Дүйшөмбүдө жолугушту Акылбек Жапаров: Кумтөр боюнча жоопкерчилик президент менен өкмөттөОрусия: ата-энесиз калган кыргызстандык балдар мекенине келди