БШК: үч шаардагы кайра шайлоого 40 миллиондой сом жумшалат

Шайлоодон кийинки нааразычылыктардын бири

Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайра шайлоо үчүн 39-40 миллион сомго чукул каражат сарпталат.

Бул тууралуу "Азаттыкка" Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдыжапар Бегматов кабарлады.

"Жыйынтыгы жокко чыгарылган мурдагы шайлоого деле болжол менен ушундай суммадагы каражат кеткен. Бул ирет мындан да азырак коройбу деп турабыз. Себеби, биздин эсепке ылайык, шайлоо комиссиясынын кызматкерлери кырк күндөй эле иштейт. Ал эми мурдагы шайлоодо эки айдан ашык иштеген".

Кыргызстанда 11-апрелде өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоону уюштурууга казынадан 425 млн. сом жумшалган.

Анын 27 миллиону Бишкек, 9 миллиону Ош, 2 миллиону Токмок шаарына жумшалган.

Добуш берүүнүн жыйынтыгына байланыштуу нааразылыктардан улам Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине шайлоо жокко чыгарылган. (BCh)

Дагы караңыз

Коммерциялык банктарда доллар арзандады Актан Арым Кубат Ысык-Көлдө жаңы тасма тарта баштадыМурдагы президенттер тушунда сыртка ташылып кетти деген алтын боюнча маалымат берилдиКомиссия: 1997-жылдан бери Кумтөрдө 61 кырсык катталып, 19 адамдын өмүрү кыйылды Жапаров: Кумтөр эки айдан бери башкаруусуз турат, мөңгүлөрдү көзөмөлдөгөн система да өчтү