Кумтөр алтын кенинде 1997-жылдан бери 19 адам каза болду. Бул тууралуу 17-майда Жогорку Кеңештин Кумтөр боюнча кезексиз жыйынында сүйлөп жатып компаниянын ишин текшерип жаткан мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
Анын айтымында, жалпысынан 1997-жылдан бери кенде 61 кырсык катталган, 47 адам жараат алып, 19у каза болгон.
"Кумтөр Голд" компаниясы депутаттын бул билдирүүсү боюнча азырынча маалымат бере элек.
16-майда Кумтөрдү иштетип жаткан канадалык “Центерра Голд” компаниясы кыргыз өкмөтүнө каршы Эл аралык арбитражда териштирүү баштаганын жарыялады.
12-майда Акылбек Жапаров ““Кумтөр Голд” ишканасына убактылуу башкаруу киргизип, май айынан тартып алтынды Кыргызстанда калтыруу сунуш кылынып жатканын” билдирген, компания Кыргызстанга салык жана экологиялык санкция түрүндө 4 миллиард 252 миллион доллар төлөөгө милдеттүү экенин айткан. (RK)
Дагы караңыз
Жапаров: Кумтөр эки айдан бери башкаруусуз турат, мөңгүлөрдү көзөмөлдөгөн система да өчтүЭркек наристени артык көргөн коомCOVID-19: сегиз адам каза болду, 525 бейтаптын абалы оорКумтөр боюнча комиссия: Кыргызстан 1,5 млрд, "Центерра" 11,5 млрд доллар пайда тапкан