COVID-19: сегиз адам каза болду, 525 бейтаптын абалы оор

Кыргызстандагы ооруканалардын бири

Кыргызстанда COVID-19 вирусу менен 4 039 киши ооруп жатат, 525 бейтап оор абалда.

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штаб 17-майга карата Кыргызстанда COVID-19 вирусу сегиз адамдын өмүрүн алганын кабарлады. Каза болгон бейтаптардын бешөө Бишкектен, экөө Чүй облусунан, бирөө Ысык-Көлдөн катталды.

2020-жылдын март айынан бери вирустан 1711 адам көз жумду.

Оору дагы 259 адамдан аныкталды. Вирусту жуктургандар 100 732 кишиге жетти.

Үй шартында азыркы тапта 2 345 бейтап дарыланууда, 1 694 адам ооруканада жатат. Алардын ичинен 94үнүн абалы өтө оор, 431и оор болууда.

Ооругандардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаары менен Чүй облусунда катталууда. (BCh)

Дагы караңыз

Өкмөт менен "Кумтөрдүн" тирешиПарламент Кумтөрдөн улам чукул жыйынга чогулдуКыргызстанда курулуш материалдары кымбаттады Парламент кезексиз жыйынга чогулуп, Кумтөр маселесин карай баштады