Жогорку Кеңештин сайтында парламент 17-майда кезексиз жыйынга чогулары тууралуу маалымат жарыяланды, бирок, күн тартиби ачык айтылган жок.
“Азаттык” радиосу байланышкан айрым депутаттар күн тартибиндеги Кумтөр кенинен байланышуу талкуу ачык өтөрүн, аталган кенге байланыштуу түзүлгөн комиссия маалымат берерин билдиришти. Ал эми чек ара маселеси жабык каралат.
12-майда бул комиссиянын отурумунда анын төрагасы, депутат Акылбек Жапаров ишкана Кыргызстандын мыйзамдарынын негизинде иштөөсү керек экенин белгилеп, жалпысынан "Кумтөр Голд" 4 миллиард 252 миллион 800 миң доллар төлөөгө милдеттүү экенин билдирген. Жапаровдун айтымында, мунун 3 миллиард 86 миллиону келтирилген экологиялык зыянга байланыштуу айып пул, 1 миллиард 166 миллиону төлөнбөй калган салык.
6-майда “Кумтөр Голд Компани” ишканасына убактылуу тышкы башкаруу киргизүүгө жол ачкан мыйзам парламентте кабыл алынып, ал 14-майда күчүнө кирди. 7-майда Бишкектин Октябрь райондук соту “Кумтөр Голд Компанини” Кыргызстандын экология мыйзамдарын бузганы үчүн мамлекетке 261 млрд. 719 млн. 674 миң сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирген.
16-майда Кумтөр кенин иштеткен канадалык “Центерра Голд” компаниясы (Centerra Gold Inc) кыргыз өкмөтүнө каршы Эл аралык арбитражда териштирүү баштаганын жарыялады.
"Центерра Голд" кыргыз өкмөтүнөн Кумтөр кенине байланыштуу жакында кабыл алынган мыйзамды же "Кумтөр Голд Компани" ишканасына экологиялык чыгым менен салыктан улам салынган айып пулду токтотууну талап кылат. Компания кыргыз өкмөтүнүн акыркы аракеттерин Кумтөр кениндеги инвестициялык келишимдерди бузуу деп эсептейт.
Кумтөр - Кыргызстандагы эң чоң алтын кени. Аны канадалык "Центерра Голд" компаниясы иштетет, Кыргызстандын "Центеррадагы" үлүшү 26%. (TSh)
Дагы караңыз
Ислам кызматташтык уюму Газадагы абалды чукул жыйында талкууладыБаткен: Чек арадагы Кара-Токой айылына ФАП курула баштады Бишкекте жана эки облуста чектөөлөрдү киргизүү маселеси каралууда