Коронавирустун жайылуусунун алдын алуу максатында эпидемиологиялык абал оор деп саналган Бишкек шаарында, Чүй жана Ысык-Көл облустарында карантиндик чектөөлөрдү киргизүү маселеси каралууда. Аталган аймактардын жетекчилерине эпидемиологиялык кырдаалга жараша кафе-ресторандардын, базарлардын, мектептердин, бала бакчалардын, коомдук транспорттун ишин чектөө чечимдерин убагында кабыл алууга милдеттендирилди.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова 15-майда Республикалык ыкчам штабдын жыйынында ошондой эле Бишкек шаарында, Чүй, Ысык-Көл облустарында рейддерди жандандырууну тапшырды. Ага ылайык коомдук тамактануу жайларында, базарларда, эл көп чогулган жерлерде жана коомдук транспортто санитардык-эпидемиологиялык талаптарды бузгандарды аныктоочу рейддер өткөрүлөт. Бул талап башка облустардын жана шаарлардын жетекчилерине да коюлду.
Бакашова мындан тышкары Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине өлкөнүн булуң-бурчтарында эмдөө пункттарын иштетүүнү тапшырды:
"Эмдөө пункттары саат 07.00 ден 23.00гө чейин үзгүлтүксүз иштесин. Ар бир район, шаар жана облустун чегинде жеткиликтүү вакциналарды эске алуу менен ар жумага жана айга бөлүштүрүлгөн эмдөөнүн деталдуу планы иштелип чыксын".
Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин 16-майга карата берген маалыматына ылайык, Кыргызстанда коронавирус жуктурган 224 адам аныкталган. Анын ичинен 218и Бишкек шаары, Чүй жана Ысык-Көл облусунда катталды.
Пандемия башталгандан берки учурда Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 100 473 адамга жетти. Алардын ичинен 94 миңдейи сакайды. 1700дөн ашык адам илдеттен көз жумду. (ZKo)
Дагы караңыз
Чек ара кызматы: Кыргыз-тажик чек арасында кырдаал тынчСПИД борбору: Өлкөдө 10 644 адам ВИЧ инфекциясына чалдыкканЖети медицина кызматкери коронавируска чалдыктыӨткөн жылы 158 миң аял эне болдуCOVID-19: Бир күндө 224 жаңы учур катталды, 8 адам көз жумдуТүркмөн президентинин миллионер жээниКыргызстанда Энелер күнү белгиленүүдө