"Мен көчмөнмүн" деп аталган эл аралык туристтик жармаңке башталды (видео)

Жарманкеде тогуз коргоол ойноп жаткан балдар. Ысык-Көл. 15-май, 2021-жыл.

Бүгүн, 15-майда Чолпон-Ата шаарындагы "Рух-Ордо" маданий борборунан башталган "ITF-2021" эл аралык туристтик көргөзмөсүнүн максаты Кыргызстанды экологиялык жана этнотуризмдин өлкөсү катары таанытуу жана өнүктүрүү.

Иш-чарага Кыргызстандын жети дубанынан туроператорлор, эс алуу үйлөрү, кол өнөрчүлөрдөн тышкары Борбор Азия өлкөлөрүнөн келген өкүлдөр да катышууда.

Жармаңкенин ачылышына мамлекет башчы Садыр Жапаров да катышты. Куттуктоо сөзүндө президент Ысык-Көл эл аралык туристтик көргөзмө-жармаңкеси беш жылдан бери өткөрүлүп келе жатканын жана ага кызыккандардын саны жыл сайын өсүп жатканын белгиледи.

Президент туруктуу туризмди өнүктүрүүгө мамлекет тараптан өзгөчө көңүл бурулуп, социалдык-маданий, экологиялык жана экономикалык маселелердин чечилиши туризм жаатындагы жүргүзгөн саясатынын негизги фактору болууга тийиштигин айтты.

“Биринчиден, маданий баалуулуктардын, улуттун өзгөчөлүгүнүн сакталышы, дүйнө элдеринин бири-бири менен жакындашуусунун өзөгү болуп эсептелет. Экинчиден, жергиликтүү калкты туруктуу иш менен камсыздандыруу, элдин жакырчылыгын жоюу менен бирге экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү керек”, - деп айтты Садыр Жапаров.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ысык-Көл: көчмөндөрдүн туризм жармаңкеси


Жармаңке-көргөзмө кыргыз элинин тарыхы, салт-санаасы тууралуу театралдаштырылган оюндар, көк бөрү, салбуурун, жаа атуу сыяктуу улуттук спорт оюндарынын коштоосунда өтүп жатат.

"ITF-2021" эл аралык туристтик көргөзмөсү эки күнгө созулат.(ZKo)

Дагы караңыз

Бишкекте бийликти колдогон антимитинг өттүКытайдын космос кемеси Марска кондуКумтөр: бүдөмүк келишимдер, азайган акцияларАйбалаев: Усубалиевдин сунушу менен губернатор болгомЭски аянтта бийликти колдогон митинг өттүФлай: Биздин үнүбүздү баса алышпайтАба ырайы: Көпчүлүк аймакта жаан жаайтСаламаттык сактоо уюму бай өлкөлөрдү вакцина менен бөлүшүүгө чакырды"Кыргызалтын" акцияларынын бир бөлүгүн сатууну көздөп жатканы тууралуу кабар тарады