Кытайдын улуттук космос башкармалыгы өлкө тарыхында биринчи жолу өз аппаратын башка планетага кондурганын кабарлады.
"Тяньвэнь-1" аппаратынын модулу Марстын түштүк жарым шарындагы Утопия чөлүнө 15-майда конгон.
Аппараттын бортундагы алты дөңгөлөктүү, 240 килограммдык "Чжужун" марсоходу планетада Марстын убактысы менен 90, Жердин убактысы менен санаганда 92 күн иштейт.
Марсоход эки оптикалык жана бир мультиспектрлик камера, метеостанция, кыртышты анализдөөчү аппарат, георадар жана магнитометр менен жабдылган. Аппарат күндүн нуру менен кубатталып, Жер менен орбитада үч жыл иштей турган зонд аркылуу байланышат.
Кытай дүйнөдө башка планетаны чалгындаган үчүнчү өлкө болуп калды. 1970-жылы Советтер Союзу "Венера-7" аппаратын Чолпон (Венера) планетасына, АКШ 1976-жылы Марска "Викинг-1" аппаратын кондурган.
Марска ушул жылдын февраль айында АКШнын "Персеверанс" аппараты да конгон. Орусия Советтер Союзу кыйрагандан бери башка планеталарды чалгындоо ишин жүргүзгөн эмес.
Дагы караңыз
Кумтөр: бүдөмүк келишимдер, азайган акцияларЭски аянтта бийликти колдогон митинг өттүФлай: Биздин үнүбүздү баса алышпайтСаламаттык сактоо уюму бай өлкөлөрдү вакцина менен бөлүшүүгө чакырдыКытайдын Орусияны ойго салган таасири