22-олимпиада оюндарынын коло медалынын ээси Сатымкул Жуманазаровдун жаркын элесине арналган 9-марафон Ысык-Көл районунун Бактуу-Долоноту айылында старт алды.
«Run the Silk road — Shanghai Cooperation Organization» деп аталган эл аралык марафонду Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров ачты. Ал иш-чаранын башталышында сүйлөп, спорттук массалык иш-чаралар аркылуу Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн кызматташтыгын бекемдөө, эл аралык достук, спорттук байланыштарды жана туризмди өнүктүрүү, аймактагы күчтүү марафончуларды аныктоо - марафондун максаты экенин белгиледи.
Президент былтыр Шанхай кызматташтык уюмунун Ысык-Көл марафону «квалификациялык» деп таанылганын, анын нормативин толтурган спортчуларга дүйнөлүк чемпионатка, Олимпиада жана Азия оюндарына жолдомо берилерин айтты.
Эл аралык марафонго дүйнөнүн 35 өлкөсүнөн 3 миң адам катышууда.
400 киши 21 чакырымга, 100 киши 42 чакырымга, 800 киши 10 чакырымга жана 3 чакырымга чуркоо үчүн 800дөн ашык киши катталган.
Марафончулардын арасында 20дан ашык мүмкүнчүлүгү чектелген катышуучу бар.
“Быйылкы марафон ушуну менен 9-жолу өтүп жатат. Былтыр пандемияга байланыштуу уютура албай калдык. Быйыл Украина, Орусия, Казакстандан спортчулар келди, Европа өлкөлөрүндөгү катышуучуларыбыздын көбү коронавирустан улам киргизилген чектөөлөргө байланыштуу келген жок. Быйыл 3 миң катышуучудан ашпасын деген талап бар болчу, ошондуктан 3 миң киши чуркап жатат. Негизи башка жылдары келгендер мындан көбүрөөк эле”, - деди марафондун башкы калысы Бактияр Бокоев.
Марафондун эң кенже катышуучусу 6 жашта, эң улуусу 83 жашта.(KS)
Дагы караңыз
Флай: Биздин үнүбүздү баса алышпайтАдылбек Касымалиев президенттик аппараттын жетекчи орун басары болдуИИМ Мелис Аспековдун билдирүүсүн териштире баштады Армения чек арадагы кырдаалга байланыштуу ЖККУга кайрылдыАзери-армян чек арасы: абал кайра чыңалдыМүлк фонду чыгаша ишканаларды көрсөттүАспековдун айыптоосу, шек санаткан шайлоо фондуБШК Рысалиевди депутаттык мандатынан ажыраттыБишкек: эки аялдын өлүмүнө шек саналып өспүрүм кармалды