Ички иштер министрлиги абактагы активист Мелис Аспековдун соңку билдирүүлөрүнөн улам сотко чейинки өндүрүш баштады.
"Кыргыз темир жолу" ишканасынын жетекчилигинен пара алды деген шек менен кармалган Аспеков президент Садыр Жапаров шайлоого баратканда мурдагы мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековдун жакындарынан 10 миллион доллар алганын айтып чыккан эле. Ал ошондой эле Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында сабалганын билдирген.
Жапаровдун басма сөз катчысы Галина Байтерек Аспековдун айткандарын жокко чыгарды. Жээнбековдор болсо активист менен соттошкону жатат.
Активисттин алгачкы билдирүүсү
12-майда Мелис Аспековдун “Фейсбуктагы” баракчасына анын колу-буту көгала болгон сүрөттөрү коюлуп, анда “арам максаттарына жетиш үчүн мага психологиялык жана физикалык жактан залака келтиришти” деген билдирүү жазылган. Аспековдун атынан жазылган катта атайын кызмат ушундай жол менен андан Финансы полициясынын мурдагы жетекчиси Сыймык Жапыкеевге каршы көрсөтмө алууну көздөгөнү белгиленген.
Атайын кызмат Аспековдун билдирүүсүн “коомчулуктун көңүлүн өзүнө буруу аракети” деп баалап билдирүү таратты:
“Аспековдун өзүнүн айтымында, ал 2021-жылы 4-мартта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотуна барганда денесинен жараат алган. Ал денеге залал келтирүүнүн себебин билдирүүдөн баш тарткан жана УКМКнын тергөө абагынын кызматкерлерине эч кандай дооматы жок экендигин айткан. Буга 2021-жылдын 11-мартындагы түзүлгөн АКТ далил”, деп айтылат УКМК тараткан билдирүүдө.
Аспеков октябрь окуяларынан кийин Садыр Жапаровду жандап жүргөн. Анын абактагы президенттик шайлоо өнөктүгүнө байланыштуу билдирүүсү талаш-талкуу жаратты.
Аспековдун абактан жазган экинчи каты
"Фейсбукта" Arsi Bek деген ат менен катталган, өзүн Мелис Аспековдун досу катары тааныштырган Арсен Бекмырзаев 13-майда камактагы активисттин билдирүүсүн жарыялады.
Бекмырзаевдин айтымында, катты Аспеков жактоочулары аркылуу берип жиберип, коомчулукка жарыялоону өтүнгөн. Ал жерде Садыр Жапаров талапкер учурунда шайлоо кампаниясына экс-президент Сооронбай Жээнбековдордун үй-бүлөсүнөн 10 миллион доллар алганы тууралуу жазылган.
Аспеков анын бир миллион долларын Чүй өрөөнүндөгү үгүт иштерине коротконун, акчаны Жапаров "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында ага өз колу менен бергенин билдирген. Абактагы активисттин атынан жазылды делген катта каражаттын каякка коротулганы төмөндөгүдөй түшүндүрүлөт:
“Садыр Жапаров айткандай бир миллион доллар акча каражатын үч бөлүп, өз колу менен "Ала-Аррча резиденциясынан мага берди. Сөзүм кур болбош үчүн, ар бир райондун координаторлордун паспорт көчүрмөлөрү бар кол каттарды далил катары көрсөңүздөр болот. Мындан тышкары башка көптөгөн чыгымдар болду. Тонналап бензин алганбыз, көптөгөн коомдук бирикмелердин, кыймылдардын, диасполардын, жаш топтордун лидерлери менен кызматташтык. Алар бекер иштебейт. Мен 1000 доллардан ашпаган чыгымдардын кол каттарын алчу эмесмин, болгону журналга түшүрчүмүн”.
Аспековдун билдирүүсүнө тогуз кишинин атынан жазылган ишеним каты тиркелген. Анын авторлору алгач өзүн тааныштырып, андан кийин Аспековдон алып жаткан акчанын суммасын жазышкан.
Ишеним кат жазып берген тогуз адамдын ичинен төртөө (Азиз Тоголоков, Айдар Жантаев, Салморбек Откеев, Гүлгаакы Оспанова) Жапаровдун шайлоо учурундагы ишенимдүү өкүлү катары Борбордук шайлоо комиссиясынан (БШК) каттоодон өткөн.
Ишеним каттын бири Кайрат Чокеев аттуу жарандын атынан жазылган. Ал президенттик шайлоо учурунда Жапаровдун штабынын Токмок шаарындагы координатору болуп иштегенин жашырган жок. Чокеев интернетке тараган маалыматтар тууралуу буларды айтты:
“Садыр Жапаровдун шайлоо штабында иштегеним чын. Бирок акча жагына кийлигишкен эмесмин. Бүт баары банктык эсеп менен келип турчу. Мелис Аспеков менен бир-эки жолу эле жолуккам. Бир жолу Токмок шаарындагы жолугушуу учурунда, экинчисинде Бишкектеги башкы штабдан. Ишеним каттагы көчүрмөсү турган паспорт меники. Бирок эмне болуп кеткенин өзүм түшүнбөй жатам. Аны мен жазган эмесмин. Азыр жазап коюш оңой эле да”.
Ал эми ишеним катта ысымы кездешип, 125 миң доллар алганы айтылган Айдар Жантаев менен байланышканыбызда коментарий берүүдөн баш тартып "Аспековдун өзүнөн сура" деп жооп берди. Жантаев президенттик шайлоо учурунда Жапаровдун штабынын Кара-Балта шаарындагы координатору болгон.
Аспеков президенттик шайлоо маалында Чүй облусунда бир катар жолугушуу, иш-чараларды өткөрүп, жергиликтүү тургундарды Жапаровго добуш берүүгө үндөп жүргөн. Ошол маалда Аспеков Жапаровдун Чүйдөгү штабын жетектей турганы айтылган эле. Бирок Садыр Жапаров Аспеков анын шайлоо штабында иштебегенин билдирген болчу.
Анын абактагы билдирүүсү чыккандан кийин президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек мындай деген маалымат таратты:
“Экс-президент Сооронбай Жээнбеков Садыр Жапаровдун шайлоо өнөктүгүн каржылаган эмес. Бул туурасында сөз да болушу мүмкүн эмес. Пара талап кылганы үчүн шектелип кармалган Мелис Аспеков Мамлекет башчысынын кадыр-баркын түшүрүп, аброюна шек келтирүүгө аракет кылып жатат. Аспеков чуулгандуу жана жалган билдирүүлөрдү жасаганга көнүп алган, бирок бардык нерсенин чеги болушу керек. Калп жана жалаа жапканы үчүн ал мыйзам алдында жооп бериши керек”.
Аспековдун билдирүүсүнөн улам мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун адвокаты Асылбек Кочкоров билдирүү таратты. Анда экс-президент жалган жалаа жапканы үчүн Аспековду сотко берери айтылган.
“Бул билдирүү карандай калп, коомчулуктун көңүлүн өзүнүн ыплас иштеринен алаксытып, башка жакка бурууга жан далбас уруп жатканы кимге болбосун түшүнүктүү. Бул максатта Аспеков жалган билдирүү таратып, өлкөдөгү таанымал адамдардын ысымын колдонуу жолу менен элди алаксытууга аракет кылууда. Жалаа жапканы үчүн аны сотко беребиз”, - деп айтылат билдирүүдө.
Көп өтпөй эле чуулгандуу билдирүү Аспековдун жана Бекмырзаевдин (Arsi Bek) "Фейсбуктагы" баракчасынан өчүрүлдү. Бекмырзаев буга байланыштуу атайын кызматты айыптады. УКМК бул дооматка жооп кайтара элек.
Ал арада ИИМ Аспековдун соңку билдирүүлөрүн териштире баштады. Милиция тараткан билдирүүдө бул фактка байланыштуу Жазык кодексинин 192-беренесинин 1-бөлүмү (Шайлоочуларды сатып алуу) менен сотко чейинки өндүрүш башталганы айтылат.
Шек жараткан шайлоо фонду
Ишеним каттын негизинде Аспеков тогуз кишиге берип, Чүй облусундагы шайлоо иштерине короду делген акчанын жалпы суммасы - 545 миң 600 долларды түзөт. Бул каражат Жапаровдун шайлоо фондуна келип түшкөн акчанын жалпы суммасына аз эле жетпейт.
БШКнын сайтында Жапаровдун штабы үгүт иштерине 50 миллион 549 миң 859 сом, же 616 миң доллар сарптаганы жазылып турат. Жапаров шайлоочулар менен жолугушуу учурунда “акча элден жана пенсионерлерден келип жатат” деген эле.
Жапаров жеңип чыккан шайлоого талапкер катары катышкан Клара Сооронкулованын пикиринде, Аспековдун айткандары иликтениши керек:
“Мелис Аспековдун айткандары сенсациялык мүнөздөгү маалымат. Ошол себептен ишеним кат жазган адам суракка чакыртылышы керек. Ал эми иштин негизги фигуранттары Садыр Жапаровдун, Сооронбай Жээнбековдун жана Асылбек Жээнбековдун кол тийбестиги бар. Ошол себептен буларды эч ким суракка чакыра албайт. Андыктан депутаттар Жогорку Кеңештин депутаттары импичпент жөнүндө маселе көтөрүп, башкы прокурорго кайрылышы керек. Анан ошонун алкагында Курманкул Зулушев маалыматта айтылган адамдарды суракка чыкыра алат. Мыйзам боюнча ушундай болуш керек. Бирок бизде ишке ашышы күмөн. 2017-жылы деле ушундай окуя болгон да”.
Президенттик жарышта жеңип чыккан талапкерлердин штабы үгүт өнөктүгүнө сарптаган каражаттын “тарых-тажымалы” алгачкы жолу шек жаратып жаткан жок.
Буга чейин укук коргоочу Нурбек Токтакунов 2017-жылдагы шайлоодо Сооронбай Жээнбековдун штабы БШК расмий билдирген каражаттан, атап айтканда 158 096 175 сомдон көп сумма иштеткенин жазып чыккан. Анын божомолунда, Жээнбековдун штабы чынында шайлоого 1 миллиард 170 265 187 сом жана 6 855 700 АКШ долларын жумшаган. Бул маалыматты ошол учурдагы президенттин аппараты дагы жалган жалаа катары сыпаттаган.
Дагы караңыз Шайлоонун акчасы шек туудурдуБШКнын мурдагы мүчөсү Атыр Абдрахматова талапкерлер шайлоого короткон акчаны ачык көрсөтүүгө кызыктар эместигин айтып, себебин мындайча түшүндүрдү:
“Шайлоо фондуна кайсыл бир бизнестин, кызыктар тараптын же үчүнчү күчтөрдүн акчасы келиши мүмкүн да. Талапкер шайланып келгенден кийин алган акчасын акташ үчүн кандай иш-аракеттерге барат? Мына ошондуктан шайлоого катышып жаткан партия, же талапкер акчанын булагын ачык көрсөтүүнү каалабайт. Кээ бир учурда шайлоо фондуна акча которгондор салыктан качат, же болбосо акчаны каяктан тапканын көрсөтө албайт”.
Саясат талдоочулар Кыргызстандагы шайлоо өнөктүгүнө корогон акча расмий көрсөтүлгөн суммадан алда канча көп экенин айтып келишет.
10-январда Биринчи май райондук сотунун чечими активисттер Мелис Аспеков жана Улан Жураев "Кыргыз темир жолу" ишканасынын жетекчилигинин арызынын негизинде камакка алынган.
УКМК алар бул ишканадан 250 миң доллар талап кылганын, сотко чейинки териштирүү Жазык кодексинин "Опузалап талап кылуу" беренесинин негизинде жүрүп жатканын билдирген. Кийин Жураев үй камагына чыгарылган.