Бишкек шаарындагы Жибек-Жолу проспектиси менен Ибраимов көчөсүнүн кесилишиндеги үйлөрдүн биринде киши колдуу болгон эки аялдын өлүмүнө шектелип 16 жаштагы өспүрүм кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынын маалымат кызматы кабарлады.
Шектүү Жазык-процессуалдык кодексинин 98-беренесине менен милициянын убактылуу кармоочу жайына камалды.
12-майда катталган 63 жана 31 жаштагы эки аялдын өлүмүнө байланыштуу милиция Жазык кодексинин 130-беренесинин 2-бөлүгүнүн 11-пункту (Эки же андан ашык адамды өлтүрүү) менен сотко чейинки өндүрүш ишин жүргүзүп жаткан.
Айрым маалымат каражаттары киши колдуу болгондор эне-кыз экенин жазып жатышты. (MiK)
Дагы караңыз
Баткен: айрым аксайлыктар митингге чыгыштыПутин Баку менен Ереванга тынчтык келишимин аткарууну эскерттиБазар-Коргондо мугалимдер нааразылык акциясына чыгыштыМамлекеттик жана коомдук ишмер Жусуп Абдрахманов эскерилдиМосквада коронавирус жугузгандар көбөйдүУКМК абактагы активист Мелис Аспеков боюнча маалымат бердиСирия: борборазиялыктар турган лагерде беш чатыр өрттөндү