Москвада коронавирус жугузгандар көбөйдү

Орусиянын борбору Москвада өткөн суткада 4 миңден ашык адамдан коронавирус аныкталды. Бул быйыл январдан берки эң жогорку көрсөткүч. Бир күндө 60 бейтап каза болду.

Орусияда болсо соңку суткада 9500дей киши вирус жугузуп алганы белгилүү болгон. Бул 20-марттан берки максималдуу көрсөткүч. Дарыгерлер мындай тенденция май айындагы майрамдар учурунда көпчүлүк көчөгө чыгып, коомдук транспортту колдонгону себеп болушу мүмкүн экенин айтышууда.

Пандемия башталгандан бери Орусияда 5 миллиондон ашык адам вирус жугузду. Каза болгондордун расмий саны 115 миңден ашты. Медиктер жана демографтар оору жугузгандар жана каза болгондордун чыныгы саны мындан көп болушу мүмкүн экенин айтууда.

Дагы караңыз

УКМК абактагы активист Мелис Аспеков боюнча маалымат бердиБаткен: айрым аксайлыктар митингге чыгыштыПутин Баку менен Ереванга тынчтык келишимин аткарууну эскерттиУлан Үсөйүн: Жаштарда тез эле “чоң” болуу өксүгү барМамлекеттик жана коомдук ишмер Жусуп Абдрахманов эскерилди