Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-майда АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Луну дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды.
Жапаров коронавирус пандемиясына каршы күрөштө Кыргызстанга берген жардамы үчүн Кошмо Штаттарына ыраазычылыгын билдирди.
Дональд Лу АКШ Кыргызстанга гуманитардык жардам берүүгө, COVID-19 пандемиясына каршы күрөштө жана демократиялык түзүмдөргө кол кабыш кылып, кызматташууну кеңейтүүгө даяр экенин белгиледи.
АКШ президенти Жо Байден Кыргызстандагы элчи Дональд Луну мамлекеттик катчынын Түштүк жана Борбор Азия иштери боюнча жардамчысы кызматына дайындоо ниетин жарыялаган. Жакын арада элчи кыргыз жергесиндеги кызматын аяктап, мекенине сапар алганы турат.
Маалыматка караганда, Мамлекеттик департаменттин Түштүк жана Борбор Азия иштери боюнча бюросуна Борбор Азиянын беш өлкөсү, Индия, Пакистан, Ооганстан, Непал, Шри-Ланка, Бангладеш, Мальдив аралдары, Бутан кирет.
Дональд Лу АКШнын Кыргызстандагы элчиси болуп 2018-жылдын 18-сентябрында дайындалган. (MiK)
Дагы караңыз
Базар-Коргондо мугалимдер нааразылык акциясына чыгыштыСыдыков: Мамлекет өзү Кумтөрдүн ишин тышкы башкаруу аркылуу улантып кетери күмөнОрусияда коррупцияны иликтеген журналист сегиз жылга кесилдиМакрон Азербайжанды Армениядан аскерлерин чыгарууга чакырдыБайтерек Аспековдун билдирүүсүн жокко чыгарды