15-майдын аба ырайы

Кыргызстан.

15-майда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз Чүй, Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 6...11, күндүз 19…24;

Талас жергесинде түнкүсүн 3...8, күндүз 19…24;

Баткен облусунда ​түнкүсүн 9…14, күндүз 22…27;

Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 11…16, күндүз 22…27;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 13…18;

Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 13…18;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…5 градус болот.

Бишкекте түнкүсүн бир аз жаан жаайт, күндүз жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 7…9, күндүз 22…24 градус болот.

Дагы караңыз

Жээнбеков камакта жаткан Мелис Аспековду сотко бере турганын айттыЧек ара жаңжалында жараат алгандардын бирине Түркиядан операция жасалатУКМК абактагы активист Мелис Аспеков боюнча маалымат бердиМанастын эстелиги Казакстанда, Абайдын эстелиги Кыргызстанда орнотулат