Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта жараат алгандардын бирине Туркиядан операция жасалат. Анын дарыланууга кеткен чыгымын “Кызыл жарым ай” уюму көтөрөт.
Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык, бейтап 14-майда “Манас” аба майданына "Тез жардам" кызматы менен жеткирилип, Түркияга учуп кетти.
Жабырлануучу Лейлек районунун Интернационал айылынын тургуну. Чек ара жаңжалында эки бутунан жараат алган. Оң көзүнө октун сыныктары кирип кеткендиктен ага Кыргызстандан да операция жасалган.
Баткендеги чек ара окуясында жараат алгандардын 25и учурда Бишкектеги Травматология жана ортопедия борборунда дарылануусун улантып жатат.
28-29-30-апрелде жана 1-майда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык каза болду. Анын экөө бала. 180ден ашуун адам жараат алды.
Тажик тараптан 19 адам каза болгону, 87 киши жаракат алганы расмий түрдө 6-майда жарыяланган.
Эки өлкөнүн башкы көзөмөл органдары куралдуу жаңжалдан кийин бири-бирин "агрессияга" айыптап, кылмыш ишин козгошкон. (MiK)
Дагы караңыз
УКМК абактагы активист Мелис Аспеков боюнча маалымат бердиМанастын эстелиги Казакстанда, Абайдын эстелиги Кыргызстанда орнотулатДональд Лу: АКШ Ооганстан боюнча кызматташууну Борбор Азиядагы бардык өлкөлөр менен сүйлөшүүдөКанада жана Британия Кумтөр кенине байланыштуу билдирүү тараттыАКШ: Кыргыз-тажик чек ара чырын чечүүдө чет жактын ролу чектелиши керекКумтөргө тышкы башкаруу киргизүүгө жол ачкан мыйзам күчүнө кирдиДональд Лу: Кыргызстан-АКШ жаңы келишими боюнча техникалык сүйлөшүүлөрдү аягына чыгара алдык