Статком: Жазгы талаа иштери быйыл жай жүрүп жатат

Чүй өрөөнү. Архивдик сүрөт.

Ушул жылдын 23-апрелине карата Кыргызстанда жалпысынан 375 миң гектарга жазгы өсүмдүктөрдүн уругу себилди. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 43,4 миң гектарга же 10,4 пайызга аз.

Улуттук статистика комитети апрель айында аба ырайы туруксуз болгондуктан жазгы талаа жумуштары жайлап калганын билдирди.

Жазгы айдап-себүүнүн эң көп аянты Чүй облусунун чарбаларына туура келет же 42,3 пайыз. Ош облусунда 20,3 пайыз, Ысык-Көлдө 14,2 пайыз жана Жалал-Абад облусунда 13,8 пайызды түзөт.

Дыйкандар эң көп арпа, буудай, кант кызылчасын айдап, пахта эгишти. (BTo)

Дагы караңыз

Дональд Лу: Кыргыз эли демократияга ишенет Чек арадагы түбү көрүнбөгөн аткезчиликШайлоону жокко чыгарткан админресурс Тажикстандагы селден тогуз адам каза таптыКумтөрдүн чуусу, "Центерранын" эскертүүсүОш шаардык кеңешине кайра шайлоо өтөт