14-майда Кыргызстандын футболдук клубдары катышкан 2021: Азия футбол конфедерациясынын (АФК) тайпалык баскычындагы мелдештер башталат.
«Е» тайпасында өлкөнүн чемпиону «Дордой», «F» тайпасында Кыргызстандын кубогун алган «Алай» футболдук клубу бар. «Е» тайпасына Түркмөнстандын вице-чемпиону «Ахал» жана Тажикстандын кубогун уткан «Равшан» клубдары да кирген.
Бул тайпанын оюндары Бишкекте, Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт. Бишкекте түзүлгөн эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу оюндар көрүүчүлөрсүз болот.
Кыргызстандык «Алай» клубу өз тайпасында Өзбекстандын «Насаф», Тажикстандын «Худжанд» жана Түркмөнстандын «Алтын Асыр» клубтары менен беттешет. Бул оюндар Дүйшөмбү шаарында өтөт.
«F» жана «E» тайпаларынын оюндарын КТРК Спорт каналы түз эфирде көрсөтөт. (BTo)
Дагы караңыз
Дональд Лу: Кыргыз эли демократияга ишенет Чек арадагы түбү көрүнбөгөн аткезчиликШайлоону жокко чыгарткан админресурс