Канадалык “Центерра” компаниясынын акционерлеринин жылдык жыйынында директорлор кеңешине 11 талапкер тандалганы тууралуу маалымат ишкананын сайтына жарыяланды. Анда айтылгандай, жылдык жыйын 11-майда өттү.
Тандалган 11 адамдын үчөө кыргызстандыктар. Алар: Дүйшөн Касенов, Тенгиз Бөлтүрүк жана Нурлан Кыштообаев, үчөө тең буга чейин да кеңешке мүчө болчу.
«Центерра» компаниясынын директорлор кеңешинде Канададан сегиз, Кыргызстандан үч өкүл бар. Кеңешке мүчөлөр жыл сайын май айында шайланып турат.
Кумтөр - Кыргызстандагы эң чоң алтын кендердин бири. Аны канадалык «Центерра» компаниясы иштетет, Кыргызстандын үлүшү 26% түзөт. (RK)
Дагы караңыз
Ооганстанда Орозо айттын урматына ок атууну токтотуу режими күчүнө кирдиКазак президенти жерди чет элдиктерге сатууга тыюу салган мыйзамга кол койдуКыргыз-өзбек чек арасындагы окуя боюнча расмий маалымат берилди Дүйнөдө Орозо айт пандемия шартында белгиленүүдө