14-майда түнкүсүн Кыргызстандын аймагында жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн, Талас облусунда жаан-чачын жаабайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 7...12, күндүз 22…27;
Талас жергесинде түнкүсүн 5...10, күндүз 22…27;
Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 11…16, күндүз 24…29;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 15…20;
Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 15…20;
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…5 градус болот.
Бишкекте күндүз жаан-чачын жаабайт, кечке маал бир аз жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 8…10, күндүз 23…25 градус болот.
Дагы караңыз
Жапаров Токаев менен кызматташтыкты жана кыргыз-тажик чек ара окуясын талкууладыЖапаров: "Центерра" 45 күндө сүйлөшүү башталбаса сотко кайрыларын айттыКоронавирустан бир күндө алты киши каза болдуРахмон чек ара чырында каза болгон жарандарынын жакындарына көңүл айтты