Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сейитбек (Сеид) Атамбаев Кумтөр алтын кениндеги ишмердүүлүктү текшерип жаткан мамлекеттик комиссиянын отурумунда атасынын дарегине айтылган айыптоолорго жооп кайтарды.
Ал 13-майда “Фейсбуктагы” жеке баракчасына комиссиянын төрагасы, Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров “курулай эле кара көө жаап, далилсиз маалымат таратты” деп жазды.
12-майда Жапаров комиссиянын отурумунда “Центерра” компаниясынын 2011-жылы Кыргызстанга бөлгөн демөөрчүлүк акчасын президенттик шайлоого пайдалануу ыктымалдыгы изилденип жатканын айткан жана “Атамбаев Алмаз Шаршенович шайлоо өнөктүгү учурунда “Центерра” компаниясынан 10 миллион доллар алган” деп билдирген.
Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган Атамбаев азыр абакта отурат. 2019-жылы ал кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн бошотулушуна байланыштуу камакка алынып, 11 жылга кесилген. Мындан тышкары ал Кой-Таш окуясы үчүн да айыпталууда.
Кумтөр боюнча мамлекеттик комиссия 12-майдагы жыйынында «Кумтөр Голд» Кыргызстанга салык жана экологиялык санкция түрүндө 4 миллиард 252 миллион доллар төлөөгө милдеттүү экенин билдирди.
Быйыл 17-февралда Жогорку Кеңеште кендеги ишмердүүлүктү текшерүү үчүн депутаттык комиссия түзүлгөн, кийин ага мамлекеттик макам ыйгарылган.
Кумтөр - Кыргызстандагы эң чоң алтын кендердин бири. Аны канадалык «Центерра Голд» компаниясы иштетет, Кыргызстандын үлүшү 26% түзөт. (RK)
Дагы караңыз
Казанда сот Ильназ Галявиевди эки айга камакка алдыПрезидент: Орозодо өлкөнүн аймактык бүтүндүгүнө коркунуч жараткан окуялар болдуБосниялык сербдердин мурдагы лидери калган жаза мөөнөтүн Британиядагы абакта өтөйтБишкек шаардык кеңешине шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылды