Милиция: «Кумтөрдүн» жетекчилери Кыргызстандан апрелде эле чыгып кеткен

Кумтөрдө 2019-жылдын 1-декабрында болгон кырсык. Анда эки адамдын сөөгү табылбай калган.

«Кумтөр Голд Компани» ишканасынын жетекчилери Кыргызстандан ушул жылдын апрель айында эле чыгып кеткени белгилүү болду. Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.

Ысык-Көл облустук милициясынын Тергөө кызматы «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын каржы боюнча директору Саймон Танды, компаниянын президенти Деон Баденхорстты, «Кумтөр Голд Компанинин» ташып келүүлөр тутумун башкаруу боюнча директору Арипин Буманды 12-майга суракка чакырган. Алар Кыргызстандан чыгып кеткендиктен суракка барган эмес.

«Ишти териштирүү учурунда алар суракка чакырылганга чейин эле Кыргызстандан чыгып кеткени аныкталды. Ал эми бирөө такыр эле Кыргызстандын аймагына кирбептир», - деди Усубакунов.

2019-жылдын 1-декабрында Лысый жээк өрөөнүндө үйүлгөн жараксыз катмар көчүп түшкөн. Кырсык болгон учурда иштеп жаткан тоо-кен бөлүмүнүн мастери Өмүрбек Ишенбеков менен бульдозердин айдоочусу Жолдош Жунушев жер көчкүнүн астында калып, сөөгү табылбай калган.

Дагы караңыз

Шайлоону жокко чыгарткан админресурс Тажикстандагы селден тогуз адам каза таптыКумтөрдүн чуусу, "Центерранын" эскертүүсүИндия: жампадан даба издеткен аргасыздык

Ошондой эле 2021-жылдын 15-февралында «Кумтөр Голд» ишканасында экскаватор айдаган Жеңиш Ибраимакунов иш учурунда экскаватору менен кошо Петров көлүнө чөгүп кетип каза болгон.

Бул фактылар боюнча Жазык кодексинин 258-беренеси («Тоо-кен, курулуш, жарылуу кооптуулугу бар же башка жумуштардын коопсуздук эрежелерин бузуу») менен кылмыш иши козголуп, «Кумтөрдүн» жетекчилери суракка чакырылган.

Кумтөр - Кыргызстандагы ири алтын кендердин бири. Аны канадалык «Центерра Голд» компаниясы иштетет, Кыргызстандын үлүшү 26% түзөт.

«Кумтөр Голд Компани» ишканасынын ишин иликтеп жаткан мамлекеттик комиссиянын жетекчиси, депутат Акылбек Жапаров 12-майда компания Кыргызстанга салык жана экологиялык санкция түрүндө 4 миллиард 252 миллион доллар төлөөгө милдеттүү экенин билдирди. (BTo)