Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 20 миллион доллар берет

Иллюстрациялык сүрөт.

Дүйнөлүк банк Кыргызстандагы коронавируска каршы күрөшкө каралашып, 20 миллион доллар берет. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев бүгүн 12-майда Биринчи радиого курган маегинде билдирди. Министрдин айтымында, бөлүнгөн каражатка Кыргызстан кытай вакцинасын сатып алат.

“Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) расмий каттаган вакциналарды сатып алышыбыз керек. Орусиянын "Спутник V" вакцинасын ДССУ каттай элек. Ошондуктан биз Кытайдын "SinoPharm" вакцинасын сатып алабыз”, - деди министр.

Ошондой эле ал ушул күндөрү Кыргызстанда коронавируска каршы 50 миңден ашык киши эмделгенин билдирди.

Кыргызстанда Кытайдын "SinoPharm" жана Орусиянын "Спутник V" вакциналары менен эмдөө жүрүп жатат. Кытай препараты 75 миң адамга, орус препараты 10 миң адамга жетет.

Өкмөт буга чейин эл аралык COVAX программасынын алкагында британ-швециялык "AstraZeneca" вакцинасы да келерин билдирген.

Коронавирус пандемиясы башталган бери Кыргызстанда илдеттен 1675 киши каза болду. Дээрлик 100 миңге жакын киши вирус жугузуп алды. Анын 92 миңден ашыгы сакайып чыкты. (MiK)

Дагы караңыз

Иран: Махмуд Ахмадинежад шайлоого катышууга арыз бердиCOVID-19: Индияда 250 миңден көп бейтап ажал таптыАӨБ Кыргызстандын экономикасынын келечегин талдады Жапаров: Кумтөр боюнча эл аралык сотко даярданып, парламентке үч жол сунуштап жатабызКазанда мектептеги кол салуудан каза тапкандар жерге берилүүдөУкуктук жардам берчү 115 тынымсыз байланыш кызматы кеңейтилет