COVID-19: Индияда 250 миңден көп бейтап ажал тапты

Индияда коронавирустан көз жумгандардын жалпы саны 250 миңден ашты. Расмий статистикага караганда, соңку бир суткада 4200дөй адам өмүрү менен кош айтышкан. Адистер бул сандар мындан дагы көп болушу мүмкүн деп кооптонушат.

Кырдаал өзгөчө айыл жергесинде оор. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму дүйшөмбүдө билдиргендей, Индияда жайылып жаткан вирустун жаңы штаммы тынчсыздануу жаратууда.

Уюмдун өкүлү Мария Д. Ван Керкхове шейшембидеги маалымат жыйында коронавирустун Индияда пайда болгон түрү мурда күтүлгөндөн да жугуштуу жана вакциналарды дагы тоготпой коюшу ыктымал экенин эскертти.