Азия өнүктүрүү банкынын соңку баяндамасында чек аралар ачылып, камсыздоо тармактары калыбына келген сайын, Кыргызстандын экономикасы 2021-жылы акырындык менен калыбына келип, 2022-жылы тездери айтылган.
Божомолго ылайык, Кыргызстанда ички дүң өнүм (ИДӨ) 2021-жылы 3,5 пайызга, 2022-жылы 5 пайызга өсөт.
Алтындын экспорту жакынкы эки жылда 5% чейин көбөйөт. Айрым инфраструктуралык долбоорлор кайра жандана баштагандыктан, импорт болжол менен 10% га жогорулашы мүмкүн.
Аталган банктын Кыргызстандагы өкүлү Канокпан Лао-Арайанын айтымында, өнөр жай, курулуш жана тоо-кен сыяктуу импортко көз каранды тармактар экономиканын калыбына келишине түрткү берет.
Ошондой эле сырттан акча которуулар 5% көбөйүшү болжолдонгон. Азия өнүктүрүү банкы муну Орусиянын экономикасына байлаган.
Ал эми Улуттук статистика комитети Кыргызстандын экономикасы акыркы төрт айда 3,8% начарлаганын билдирди.
Быйылкы январь-апрель айларында Кыргызстанда ички дүң өнүм 166,1 миллиард сомду түзгөн.
2019-жылы Кыргызстандын ИДӨсү Улуттук статистика комитетинин такталган эсебинде 618 млрд. сомдон ашкан. Көрсөткүч 2017-жылы 530 млрд. сомдон, 2018-жылы 569 млрд. сомдон жогору болгону такталган. (MiK)
Дагы караңыз
Укуктук жардам берчү 115 тынымсыз байланыш кызматы кеңейтилетМамкомиссия: «Кумтөр Голд» Кыргызстанга 4,2 млрд доллар төлөөгө милдеттүү, 106 тонна алтын өлкөгө кайтарылатПалестин-израил куралдуу жаңжалы курчуду“Беш акындын”экинчи айлампасында Атахан Кожогулов жеңдиЕвробиримдик июнга чейин COVID-сертификаттарын киргизүүнү карайтТажикстанда селден кеминде тогуз адам каза болдуКытай Кыргызстандын экономикасын колдоого грант берет