Кумтөргө байланыштуу түзүлгөн депутаттык комиссия жыйынга чогулат

Кумтөр кенинин ишмердүүлүгүн иликтеген мамлекеттик комиссия. 2021-жылдын 18-марты.

Кумтөр алтын кенинин ишмердигин текшерүү үчүн түзүлгөн депутаттык комиссия бүгүн, 12-майда жабык жыйынга чогулуп, болжолдуу жыйынтык чыгарат. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган комиссиянын төрөгасы, депутат Акылбек Жапаров билдирди.

“Болжолдуу жыйынтык чыгарабыз. Сандар так болбой калышы мүмкүн. Ошондуктан жабык өткөрүп, тактап алалы деп жатабыз. Расмий жыйынтыкты кийинки аптанын башында жарыялайбыз”, - деди Жапаров.

Комиссиянын курамына КСДП фракциясынан Өмүрбек Бакиров, Айнуру Алтыбаева, Рыскелди Момбеков, Саматбек Ибраев, «Республика – Ата Журттан» Үмбөталы Кыдыралиев, Абдыбек Дүйшалиев, Закир Шарапов, «Кыргызстандан» Урматбек Самаев, Замирбек Эсенаманов, «Өнүгүү Прогресстен» Ныязбек Арзыбаев, «Бир Болдон» Акылбек Жапаров, «Ата Мекенден» Каныбек Иманалиев бар.

Дагы караңыз Кумтөр: калдыкта 100 тоннадай алтын бар

Келерки дүйшөмбүдө парламенттин кезексиз жалпы жыйыны болот. Айрым маалыматтарга ылайык, анда Кумтөр алтын кенине байланыштуу маселе каралат. Жыйынга президент Садыр Жапаров катышып, сөз сүйлөрү да айтылууда.

7-майда Бишкектин Октябрь райондук соту “Кумтөр Голд” компаниясын Кыргызстандын экология мыйзамдарын бузганы үчүн мамлекетке 261 млрд 719 млн 674 миң сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирген.

6-майда Жогорку Кеңеште бул ишканага сырттан башкаруу киргизүү каралган мыйзам долбоору кабыл алынган.

8-майда «Центерра Голд» билдирүү таратып, ишканага коюлган доолор "таптакыр негизсиз" экенин, ал эми парламентте кабыл алынган мыйзам 2009-жылдагы макулдашууга карама-каршы келерин айткан.

Кумтөр - Кыргызстандагы эң чоң алтын кендердин бири. Аны канадалык «Центерра Голд» компаниясы иштетет, Кыргызстандын үлүшү 26% түзөт.

Кумтөрдүн айланасында 1990-жылдардан бери эле такай жаңжал орун алып, аны иликтөө максатында бир нече парламенттик жана өкмөттүк комиссия түзүлгөн. (MiK)

Дагы караңыз

Кыргызстандын экономикасы жыл башынан бери 3,8% начарладыCOVID-19: сегиз бейтап каза болду, оору дагы 283 кишиге жуктуЖогорку Кеңеш кезексиз жыйынга чогулуп, Кумтөр маселесин карамай болдуБишкекте айт намазы эски аянтта окулбайт"Токтогул" ГЭСине керектүү жабдык беш айдан бери чек арадан өтпөй жатканы маалым болдуБашпрокуратура экологияга 100 млн. сом зыян келтирген ишкананы тапты