Кыргызстандын экономикасы жыл башынан бери 3,8% начарлады

Иллюстрациялык сүрөт.

Быйылкы январь-апрель айларында Кыргызстанда ички дүң өнүм (ИДӨ) 166,1 миллиард сомду түздү. Бул көрсөтүч былтыркыга салыштармалуу 3,8 пайызга аз. Мындай маалыматты бүгүн, 12-апрелде Улуттук статистика комитет билдирди.

"Кумтөр" кениндеги ишкананы эске албаганда, ИДӨнүн көлөмү 148 миллиарддан ашык сомду түздү жана 1,1 пайызга көбөйдү.

ИДӨ - өлкөдө өндүрүлгөн товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү. Ал экономиканын эң негизги көрсөткүчү катары каралат.

2019-жылы Кыргызстандын ИДӨсү Улуттук статистика комитетинин такталган эсебинде 618 млрд сомдон ашкан. Көрсөткүч 2017-жылы 530 млрд сомдон, 2018-жылы 569 млрд сомдон жогору болгону такталган. (MiK)

Дагы караңыз

COVID-19: сегиз бейтап каза болду, оору дагы 283 кишиге жуктуЖогорку Кеңеш кезексиз жыйынга чогулуп, Кумтөр маселесин карамай болдуБишкекте айт намазы эски аянтта окулбайт"Токтогул" ГЭСине керектүү жабдык беш айдан бери чек арадан өтпөй жатканы маалым болдуБашпрокуратура экологияга 100 млн. сом зыян келтирген ишкананы таптыБШК Оштогу шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды