Башкы прокуратура "Кадастр” мекемеси "Ч.З" деген кыскартуу менен берилген жеке менчик ишканадан айыл чарба жоготуулары үчүн 133 миллион сом албай, жерди акысыз бергенин аныктады.
Маалыматка ылайык, Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттикке караштуу "Кадастр" мекемеси тоо-кен тармагындагы "Ч.З" ишканасына өндүрүш үчүн убактылуу жер пайдаланууга күбөлүк жана 726 га жер тилкесин бекер берген.
Буга байланыштуу Жалал-Абад облустук прокуратурасы пайданы өндүрүү максатында сотко доо арыз менен кайрылган. Чаткал райондук соту доо арызды жарым-жартылай канааттандырып, “Ч.З” ишканасынан 103 миллион сом өндүрүү чечимин чыгарды.
Дагы караңыз «Кадастр» ишканасынын Оштогу филиалынын башчысы кармалдыБылтыр декабрда жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин директору коррупцияга шектелип кармалган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) аны "Кадастр" мамлекеттик ишканасынын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилеринен мыйзамсыз акча алган туруктуу коррупциялык схема уюштурган деп шек санап жатканын билдирген.
Өткөн айда “Кадастр” мекемесинин Оштогу филиалынын жетекчи да коррупцияга шектелип кармалды. (MiK)
Дагы караңыз
"Токтогул" ГЭСине керектүү жабдык беш айдан бери чек арадан өтпөй жатканы маалым болдуБШК Оштогу шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгардыИсхак Масалиев Молдокматов тууралуу башкы прокурорго кайрылдыБишкекте айт намазы эски аянтта окулбайтТемир Сариев: мамлекеттик органдар туруктуу иштеши керекБишкектеги "Маариф" фондунун мектеби жаңы окуу жылында ачылат