Темир Сариев: мамлекеттик органдар туруктуу иштеши керек

Темир Сариев.

Бул тууралуу Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Темир Сариев өкмөт жоюлуп министрлер кабинети болуп түзүлүшү жана анын түзүмү тууралуу "Биринчи радиого" курган маегинде билдири.

"Улам-улам эле өзгөртө бербей чыдашыбыз керек. Мамлекеттик бийлик, мамлекеттик органдар туруктуу болушу зарыл. Мунун кесепети экономикага тийип атат. Азыр экономика менен алек болгон адамдар аз", - деди Сариев.

Өлкөдө аткаруу бийлигинин түзүмү февраль айында өзгөртүлүп бийлик министрликтер менен ведомстволордун санын 48ден 16га чейин кыскартып, 12 министрлик, бир комитет калган.

Жаңы Конституция 5-майда күчүнө киргенден кийин президент Садыр Жапаров Министрлер кабинетининин жаңы түзүмүн бекитти. Анда 14 министрлик, эки комитет, министрлер кабинетинин төрт орун басары бар. (BTo)

Дагы караңыз

Кыргызстандын өз мунайын өндүрүү дымагыАКШ аскерлерин Борбор Азияда калтырабы? Дарыгерлерди убайымга салган маянаБишкекте шайлоонун табы кайта элек