Курманбек Бакиевдин инисинин сот өкүмдөрү жокко чыгарылды

Курманбек Бакиев. Архивдик сүрөт.

Жогорку сот Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин иниси Каныбек Бакиевге карата Жалал-Абад шаардык сотунун 2020-жылдын 25-мартындагы жана Жалал-Абад облустук сотунун 2020-жылдын 10-декабрындагы өкүмдөрүн жокко чыгарды. Мындай чечимди соттук коллегия 27-апрелде кабыл алганы 11-майда белгилүү болду.

Жогорку сот кабарлагандай, кылмыш ишинин материалдары толук изилденбегендигине, процессуладык мыйзам бузууларга байланыштуу иш Жалал-Абад шаардык сотуна кайра кароого жөнөтүлдү.

Прокуратуранын бул боюнча кассациялык арызы канааттандырылды. Ал эми Каныбек Бакиевди толугу менен актоо боюнча адвокатынын кассациялык даттануусу четке кагылды.

Ачык булактардагы маалыматтарга ылайык, Каныбек Бакиев «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен айыпталып, Жалал-Абад шаардык сотунун 2020-жылдын 25-мартындагы өкүмү менен алты жылга кесилген.

Жалал-Абад облустук соту 2020-жылдын 10-декабрында шаардык соттун өкүмүн өзгөртүп, ага 4 миллион сом айып салган.

2005-жылы Каныбек Бакиев Сузактын Ырыс айылынын башчысы болуп иштеген. Анын ошол кезде тараткан жер тилкелери боюнча документтер мыйзамсыз деп табылган. Ага 2010-жылы апрель окуяларында Жалал-Абад облусунда "мыйзамсыз куралдуу топторду түзгөн" деген айып коюлган.

2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстанда 87 адамдын өмүрү кыйылган элдик толкундоодон кийин Курманбек Бакиев башында турган бийлик кулатылган. Мурдагы президент жакындары менен чет өлкөгө качып кеткен, өзү ушул тапта Беларуста баш калкалап жүрөт. (BTo)

Дагы караңыз

Казан: мектептеги кол салуу, кыйылган тогуз өмүрДарыгерлерди убайымга салган маянаБишкекте шайлоонун табы кайта элекHRW аялдарды коргогон келишимди бекитүүгө чакырды