"Энергохолдинг" ишканасы "Токтогулдагы" суу тууралуу: Өтө аз, өтө кооптуу

"Токтогул" суу сактагычы. Архивдик сүрөт.

“Токтогул” суу сактагычында суунун көлөмү азыр былтыркыга салыштырганда 2,6 миллиард куб метрге аз. Бул тууралуу 11-майда Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин жыйынында “Улуттук энергохолдинг” ишканасынын жетекчиси Бакыт Сыдыков билдирди.

Анын айтымында, 11-майга карата суу сактагычта 9,3 миллиард куб метр суу бар.

Сыдыков адатта май айында эң көп суу топтолгон маал болорун, 1-ноябрга карата 11,9 миллиард куб метр топтолот деген суу-энергетикалык эсеп бар экенин кошумчалап, жалпысынан абалды кооптуу деп атады:

“Бул өтө аз, өтө кооптуу”.

Эки апта мурда “Токтогул” суу сактагычында суунун көлөмү 8,6 миллиард куб болчу.

Өлкөнү электр менен камсыздаган эң башкы – «Токтогул» гидроэлектр станциясын (ГЭС) камсыздоочу суу сактагычтагы суунун көлөмү 6 миллиард куб метрге түшсө ГЭС авариялык абалга кабыла турганын энергетиктер эскертип келишет. (RK)

Дагы караңыз

Кыргыз жана тажик башкы дипломаттары сүйлөшүү жүргүзүштүБашкы прокуратура тажик генералынын аракетине баа берилерин ырастадыSFCG уюму кыргыз-тажик чек арасындагы зомбулукту айыптадыГаза тилкесиндеги жаңжалдан кеминде 24 адам мерт болду