Иранда президенттикке талапкерлерди каттоо башталды

Тегеран шаары.

Иранда президенттикке талапкерлерди каттоо башталды. 18-июнга белгиленген шайлоо Ирандын Батыш өлкөлөрү менен мамилеси начарлап, өзөктүк келишимдин тагдыры белгисиз болгон учурга туш келди.

Талапкерди каттоо 11-майда башталып, беш күнгө созулат. Андан соң каттоодон өткөн талапкерлерди Ирандын Сакчылар кеңеши иргейт. Буга чейин шайлоолордо байистүү, либералдуу көз караштагы талапкерлер аталган кеңештин элегинен өтпөй калчу.

Сакчылар кеңеши президенттикке талапкерлердин тизмесин 27-майда жарыялайт. Андан соң 20 күнгө созулган үгүт өнөктүгү жүрөт.

Ирандын учурдагы президенти, байистүү көз караштагы саясатчы саналган Хасан Роухани эки мөөнөт иштегени үчүн бул жолку шайлоого катыша албайт.

Роухани Ирандын өзөктүк программасы боюнча дүйнөнүн алты державасы менен келишим түзүп, санкцияларды алып салууга аракет кылды.

2015-жылы кол коюлган келишимден 2018-жылы АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп бир тараптуу чыгып кеткен. Азыркы тапта аны кайра жандантуу боюнча сүйлөшүүлөр Венада жүрүп жатат.

Шайлоо Иранда азык-түлүк баасынын өсүшү, жумушсуздук сыяктуу көйгөйлөр курчуган учурда өткөнү жатат.

Дагы караңыз

Башкы прокуратура тажик генералынын аракетине баа берилерин ырастадыТажибаев: "Кумтөрдүн" чет өлкөлүк жетекчилери жана жумушчулары Кыргызстандан чыгып кетиштиӨзбекстан: Сардаба суу сактагычындагы кырсык боюнча сот өкүмү чыктыДССУ: Пандемияда ашыкча салмак кошкон балдар көбөйдү Казанда мектепте ок атылып, cегиз киши мерт болгону кабарландыМинистрлик: Тарых музейинин чет элдик компанияга 225 миң евро карызы бар