Башкы прокуратура тажик генералынын аракетине баа берилерин ырастады

Кыргыз-тажик чек арасына жакын жайгашкан Максат айылынын талкалангандан кийинки абалы.

Кыргыз бийлиги Тажикстандын Ички иштер министрлигинин генерал-майору Мухаммадзода Хуршед Изатуллонун аракетине баа берет.

Бул тууралуу Башкы прокуратура «Азаттык» радиосуна ырастады. Маалыматка ылайык, тергөө иштерин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жүргүзүп жатат.

Буга чейин 24.kg маалымат сайты башкы көзөмөл органдын маалыматына таянып, тажик генералы Мухаммадзода Хуршед Изатуллонун аракетине карата Жазык кодексинин 380-беренеси ("Тынчтыкка каршы кылмыш") менен сотко чейинки териштирүү иштери жүрүп жатканын жазган.

Мухаммадзода Хуршед Изатулло Тажикстандын аскерлери, техникалары менен турган видео социалдык тармактарга 8-майда тараган. Бирок бул тасма кайсы күнү тартылганы белгисиз.

Кыргызстандын “ПолитКлиника” сайты видеону текшерип, тасма кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда тартылганын, тажик аскерлери Баткен облусунун Лейлек районунун Максат айылында жүргөнүн аныктап чыккан. Басылма мындай бүтүмүн тасмада аскерлер турган жердеги “Максат айылы” жана “Анарбай ата” деген жазуулар менен негиздеген.

28-30-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда кыргыз тараптан 36 киши, тажик тараптан 19 адам мерт болгон. Эки өлкө бири-бирин куралдуу жаңжалга айыптап, Бишкекте да, Душанбеде да кылмыш ишин козгошту. (MiK)

Дагы караңыз

ДССУ: Пандемияда ашыкча салмак кошкон балдар көбөйдү Казанда мектепте ок атылып, cегиз киши мерт болгону кабарландыМинистрлик: Тарых музейинин чет элдик компанияга 225 миң евро карызы бар Өзбекстан: Сардаба суу сактагычындагы кырсык боюнча сот өкүмү чыктыБаткенде жараат алгандардын үчөө реанимациядан чыга элек, абалы оор 25 шаардык жана 418 айылдык кеңештин шайлоосунун жыйынтыгы чыктыИранда ачыкка чыккан кумсаны туугандары өлтүрдү