25 шаардык жана 418 айылдык кеңештин шайлоосунун жыйынтыгы чыкты

11-апрелде өткөн 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештеги шайлоонун бешөөнөн башкасынын расмий жыйынтыктары чыкты. Буга байланыштуу бүгүн, 11-майда жер-жерлерде мандат тапшыруу иш-чарасы жана кеңештердин алгачкы жыйындары өтүүдө. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

«Жергиликтүү кеңештердин шайлоосунун расмий жыйынтыгы 7-майда «Эркин Тоо» гезитине жарыяланган. Учурда беш кеңештин жыйынтыгы талаш жаратып жатат. Бишкек, Ош жана Токмок шаарларындагы шайлоонун жыйынтыктарына карата арыз-дооматтар БШКнын жана укук коргоо органдарынын кароосунда. Мындан тышкары Базар-Коргон районунун Арстанбап жана Ноокендеги Бүргөн айылдык кеңештеринин да жыйынтыктары чыга элек. Ал жерлерде да арыздар бар. Биз аларды мүмкүн болушунча тезирээк караганга аракет кылып жатабыз», - деди Бекматов.

Буга чейин Токмоктогу шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган. Мындай чечимди БШК 3-майда кабыл алган. Ага шайлоочулардын бир үйгө жапырт каттоого турганы себеп болгон.

Мындан тышкары БШК Бишкек шаардык кеңешине өткөн “Кыргызстан элдик демократиялык партиясын” добуш сатып алуу фактысы боюнча шайлоодон четтеткен. Жогорку сот БШКнын чечимин колдогон.

Ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларындагы шайлоого катышкан партиялар «добуш сатып алуу болду жана административдик ресурс колдонулду» деп бирин-бири айыптап БШК менен милицияга арыз жазышкан. (MiK)

Дагы караңыз

Казанда мектепте ок атылып, cегиз киши мерт болгону кабарландыИранда ачыкка чыккан кумсаны туугандары өлтүрдүБаткенде жараат алгандардын үчөө реанимациядан чыга элек, абалы оор Ысык-Көл облусунун жетекчиси алмаштыӨзбекстан кыргыз-тажик сүйлөшүүлөрүнө көмөк көрсөтүүгө даярдыгын билдирдиСогушта курман болгон жоокерлердин жакындарына жардам боюнча мыйзам комитетте колдоо таптыКоронавирустан бир суткада жети киши каза болду