Өзбекстан кыргыз-тажик сүйлөшүүлөрүнө көмөк көрсөтүүгө даярдыгын билдирди

Абдулазиз Камилов. Архивдик сүрөт.

Өзбекстан кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында тутанган окуядан кийинки абалды турукташтыруу боюнча аракеттерге колдоо жана жардам көрсөтүүгө даяр. Бул тууралуу 11-майда Өзбекстандын тышкы иштер министри (ТИМ) Абдулазиз Камилов Кыргызстандын башкы дипломаты Руслан Казакбаев менен жолугушуу учурунда айтты.

Кытайдын Сиан шаарында “Борбор Азия – Кытай” форматындагы жыйынга катышып жаткан эки министр кыргыз-тажик чек арасындагы соңку окуяларды талкуулап, көптөгөн адамдын өлүмүнө алып келген бул кырдаал саясий-дипломатиялык сүйлөшүү жолу менен гана чечилиши керектигин белгилешти.

Өзбекстандын ТИМ башчысы Кыргызстандын абалды жөнгөрүү аракетин колдой турганын айтып, ажырымга жол бербөө жана коопсуздук Борбор Азия аймагындагы туруктуулукту кепилдеген фундаменталдуу принциптер экенин кошумчалады.

Жолугушууда кыргыз-өзбек кызматташтыгынын азыркы абалы жана келечеги да талкууланды.

28-29-30-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болду, анын ичинде экөө бала. Тажик тараптан 19 адам өлгөнү расмий айтылды. Окуя курчуп турган күндөрү өзбек президенти Шавкат Мирзиёев эки өлкөнүн башчылары менен телефон аркылуу сүйлөшүп, тынчтыкка чакырган. (RK)

Дагы караңыз

Согушта курман болгон жоокерлердин жакындарына жардам боюнча мыйзам комитетте колдоо таптыКоронавирустан бир суткада жети киши каза болдуБаткен: Максат айылында өрттөлгөн үйлөрдүн ордуна жаңылары курула баштады Баткен: Чек арадагы окуя күндөрү 18 мектепте окуу үзгүлтүккө учураган