Өкмөттүн Ысык-Көлдөгү ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Мирбек Кожоев дайындалды. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна өкүлчүлүктүн маалымат кызматы кабарлады.
Кожоев буга чейин президенттик аппараттын мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу-инспектордук иш бөлүмүнүн башчысынын орун басары болчу.
Аталган облусту жетектеп жаткан Эльчибек Жантаев өз арызы менен иштен бошогон. Ал бул кызматка былтыр ноябрда дайындалган. Ага чейин өкмөттүн Ысык-Көлдөгү өкүлүнүн биринчи орун басары, Түп районунун акими болуп иштеген. (KS)
Дагы караңыз
Согушта курман болгон жоокерлердин жакындарына жардам боюнча мыйзам комитетте колдоо таптыКоронавирустан бир суткада жети киши каза болдуБаткен: Максат айылында өрттөлгөн үйлөрдүн ордуна жаңылары курула баштады Баткен: Чек арадагы окуя күндөрү 18 мектепте окуу үзгүлтүккө учураганПарламент комитетинде электр тарифи талкууланбай калдыИзраил Газа тилкесин көзөмөлдөгөн ХАМАС тобуна сокку урду