Дарыгерлердин айлыгы азайдыбы?

Клара Өскөмбаева.

Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда иштеген медицина кызматкерлери апрелден баштап айлыктары азайып кеткенине нааразы болуп жатышат.

Айрымдар эмгек акысы мурдагы айлардан 5000-6000 сомго кемип кеткенин белгилешүүдө. Буга чейин өкмөт медиктердин маянасы көбөйтүлгөнүн жана акы төлөөнүн жол-жобосу өзгөртүлө турганын билдирген.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун жетекчисинин орунбасары Клара Өскөмбаева айлыктын азайышынын чоо-жайын “Азаттыкка” минтип түшүндүрүп берди:

Клара Өскөмбаева: 1-апрелден баштап үй-бүлөлүк дарыгерлердин айлыгы 100% көбөйтүлдү. Мисал кылып айтсам, эгер алардын базалык маянасы 5000 сом болсо, эми 10 000 сом болду. Ошол эле учурда индикаторлор менен төлөнчү эмгек акы алып салынды.

"Азаттык": Индикатор дегенди чечмелеп берсеңиз.

Клара Өскөмбаева: 2018-жылдан тартып 12 индикатор киргизилген. Бул ыкма медицина кызматкерлеринин жумушунун жыйынтыгынын көрсөткүчү.

"Азаттык": Ал индикатор кантип аныкталат?

Клара Өскөмбаева: Мисалы, жаңы төрөлгөн ымыркай жана энеси төрөтканадан чыкканда алгачкы үч күндүн ичинде дарыгер анын үйүнө барып кабар алышы керек эле. Кош бойлуу аялдарды убагында каттоого алып, алардын анализин алып, витаминдерди жазып берүүгө тийиш болчу. Кант диабети менен ооругандарды көзөмөлдөө, балдарга вакциналарды убагында берүү сыяктуу иштер.

Дагы караңыз Кенемтеге жетпеген дарыгерлердин көйгөйү

"Азаттык": Демек айлыктын суммасы калып, кошумча эмгек акы алып салынды. Туурабы?

Клара Өскөмбаева: Туура.

"Азаттык": Ошол кошумча маянанын орточо суммасы канча эле?

Клара Өскөмбаева: 10-12 миң сом болчу. Эми берилбейт. Эгер мурун отчетторду так жазып, индикаторлордун баарын аткарышса, бир айлык маянасы 22 миң сомго чейин жетчү. Баары эле ошончо алып жүргөн деп түшүнбөгүлө. Жакшы иштегендери гана алчу. Мындан ары айлык көбөйүп, орточо эсептегенде 17 миң сом алышат.

Дагы караңыз

Кармышаков: Маянаны көтөрүүгө каражат табылды

"Азаттык": Мурда 22 миң сом алып жүргөндөрдүн маянасы 17 миңге түшүп калса, демек айлыкты көбөйтүүдөн дарыгерлерге пайда деле болбоптур да?

Клара Өскөмбаева: Эмнеге андай деп ойлоп жатасыз?

"Азаттык": Сумма азайып жатпайбы.

Клара Өскөмбаева: Мен айттым го, аябай жакшы иштегендер 22 миңге чейин алчу деп. Бардык нерсенин эки тарабы болот. Эки жыл бою анализ жасадык. Индикаторлордун аткарылышы 2020-жылы 63% эле болду. Быйыл 58% эле болуп жатат.

"Азаттык": Бир жылдык көрсөткүчтү айтып жатасызбы?

Клара Өскөмбаева: Жок, ай сайын аныкталат. Индикатордун жыйынтыгын ай сайын Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна барып текшергенге да туура келет. Аткардыбы же жокпу деп анализ жасалат. Берген отчету жасаган ишине салыштырылат. Текшергени барсаң, кайра эле дарыгерлер нааразы болушат. “Текшере бербей, айлыкты эле көтөрүп койгула. Биз деле кошумча отчеттордон кутулалы” дешкен.

Дагы караңыз COVID-19: Кенемте маселесин атайын комиссия иликтейт

"Азаттык": Алар кошумча эмгек акы алып салынары тууралуу алдын ала кабардар болду беле?

Клара Өскөмбаева: Биз баарына айтканбыз. Индикатор төлөмдөрү 1-апрелден токтотуларын маалымдаганбыз. Белгилей кетейин, Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда иштегендердин маянасы 1-апрелден тартып 100%, башка медицина кызматкерлеринин акысы 1-июлдан 50% жогорулайт.

Азаттык: Башка медкызматкерлерде да индикатор төлөмдөрү сыяктуу маселе жаралбайбы?

Клара Өскөмбаева: Аларда индикатор жок.

Азаттык: Кыргызстанда канча Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору бар жана анда канча адам иштейт?

Клара Өскөмбаева: Өлкөдө 49 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору бар. Андан тышкары, 17 көз карандысыз Үй-бүлөлүк топтор бар. Кыргызстанга 3000 үй-бүлөлүк дарыгер керек. Азыр 2000ден бир аз көбүрөөк адис иштейт. Дарыгерлер жетишпейт.