Бишкек шаарынын социалдык маселелер боюнча вице-мэри болуп Виктория Мозгачева дайындалды. Мындай маалыматты мэриянын басма сөз кызматы таратты.
Мозгачева бул кызматта былтыр үч ай иштеп, октябрдагы тополоңдон кийин кеткен. Ага чейин «Бишкектеплоэнерго» ишканасын жетектеген.
Мозгачева быйыл 11-апрелде өткөн Бишкек шаардык кеңештин шайлоосуна КЭДП партиясынын тизмеси менен катышкан.
Буга чейин вице-мэр болуп турган Айжан Чыныбаева кызматын тапшырганын 4-майда “Фейсбуктагы” баракчасына жарыялаган. Ал жетекчилик менен орток пикирге келе албаганы үчүн иштен өз каалоосу менен кеткенин билдирген. (MiK)
Дагы караңыз
Статком: Былтыр коммерциялык банктардын кирешеси көбөйдүCOVID-19: Кенебеген коом, жайылган вирусГрузияда оппозиция лидери тергөө абагынан бошотулдуХАМАС тобу Иерусалимге ракета аттыИранда ачыкка чыккан кумсаны туугандары өлтүрдүТүркмөн президенти абактагы миңден ашуун адамга ырайым берди