Казакстандын чыгышындагы токойдогу өрт 310 гектар жерге жайылды

Өрт жалмаган жер.

Чыгыш Казакстан облусунун Риддер шаарынын жанында токой өрттөнүп, жалын 310 гектар жерге жайылды. Өрт калк жашаган жайларга жетип, аймактагы 35 үй күйүп кетти. Расмий маалыматка караганда, 73 жаштагы аял каза болуп, эки адам ооруканага жеткирилди.

Облустук Өзгөчө кырдаалдар департаментинин басма сөз кызматынын маалыматында, өрттү өчүрүүгө 208 адам, 48 техника жана эки тик учак тартылды. Өрт курчаган аймакка 17 миң куб метр суу чачылды.

Кырсык болгон аймакка кошумча үч автоцистерна менен 15 куткаруучу жөнөтүлдү. Тергөө тилсиз жоонун чыгышына атайылап өрт коюу жана олдоксон мамиле себеп болушу мүмкүн экенин билдирүүдө.

Дагы караңыз

Мамлекеттик мүлктүн көбү сатылмай болдуРахмон-Путин кездешүүсү, талкууга түшкөн тасмаӨкмөттүн "өгөй баласына" айланган чакан ГЭСтер"Кумтөр" доого жыгылды, акция арзандады