Кыргыз өкмөтүнүн балдар адабияты жаатындагы сыйлыгынын лауреаттары аныкталды.
Кабыл алынган чечимге ылайык, кыргыз тилиндеги балдар адабияты жаатындагы сыйлыгы төмөнкү лауреаттарга берилди (50 000 сом):
- Аман Наматов – “Балдар үчүн чыгарылган эң мыкты поэзия чыгармасы үчүн” номинациясында “Гүлчечекей кулунчак” аттуу чыгармасынын жыйнагы үчүн;
- Ырысбай Абдыраимовго – “Балдар үчүн чыгарылган эң мыкты проза чыгармасы үчүн” номинациясында “Түбөлүктүү чеп” аттуу чыгармасынын жыйнагы үчүн;
- Сатыбалды Мамбеталиевге – “Балдар үчүн адабий чыгармаларды кыргыз тилине эң мыкты которгондугу үчүн” номинациясында “Керемет жомоктор” аттуу балдар жомокторунун жыйнагын которгондугу үчүн.
Дагы караңыз
Рахмон-Путин кездешүүсү, талкууга түшкөн тасмаӨкмөттүн "өгөй баласына" айланган чакан ГЭСтер"Кумтөр" доого жыгылды, акция арзандады