Коронавирустан бир күндө беш киши каза болду

Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 10-майдагы маалыматына ылайык, соңку бир суткада илдеттен беш адам каза болду. Алардын үчөө Бишкекте, экөө Чүй облусундагы ооруканаларда жаткан. Муну менен пандемияда вирустан көз жумгандардын жалпы саны 1660га жетти.

Акыркы суткада 254 киши коронавирусту жугузуп алды. Алардын көбү Бишкекте (195) катталган. Өлкөдө бул оору жуккандардын жалпы саны 98 654 адамга жетти.

Бир күндө 257 адам сакайып чыкты. Учурда 1683 бейтап стационарда дарыланып жатат. Алардын ичинен 91 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланууда.

Кыргызстанда Кытайдын "SinoPharm" жана Орусиянын "Спутник V" вакциналары менен эмдөө жүрүп жатат. Ушул күндөрү 40 миңден ашык киши вакцина алды. (MiK)

Дагы караңыз

Чек ара коогасында каза болгондордун жакындарына үй салына баштадыЧек ара: Түштүк Кореядагы кыргызстандыктар акцияга чыгыштыБашкы прокуратуранын ишмердиги тууралуу мыйзам  долбоор талкууга коюлду“Талибан” Ооганстанда айттан улам чабуулдар токтотуларын жарыяладыНетаньяху полициянын палестиналыктарга каршы аракетин колдодуСадыр Жапаров: Инвесторлорду коргоо боюнча кодекс кабыл алынатМолдокматовдун адвокаты райондук соттун токтомуна каршы арызданат