Башкы прокуратуранын ишмердиги тууралуу мыйзам  долбоор талкууга коюлду

Башкы прокуратуранын имараты.

Башкы прокуратура “Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө” конституциялык мыйзамдын долбоорун 7-майдан тартып коомдук талкууга койду. Документ Жогорку Кеңештин сайтына чыкты.

104 беренеден турган долбоор прокуратуранын ишин уюштурууну, прокуратура органдарынын укуктук актыларын, ыйгарым укуктарын, аскер прокуратурасынын ишин жөнгө салуунун тартибин аныктайт.

Жаңы кабыл алынган Конституцияга ылайык, өлкөнүн башкы көзөмөл органы мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын аткарылышына көзөмөл жүргүзөт. Ошондой эле кылмыш иштерин тергейт, өзүнө тиешелүү маселелер боюнча мыйзам долбоорун демилге кылуу укугу бар.

Президент Садыр Жапаров 5-майда жаңы Конституцияга кол коюп, Кыргызстан толук президенттик башкарууга өткөн. (BTo)

Дагы караңыз

"Кумтөр" доого жыгылды, акция арзандады Октябрь ыңкылабы: активисттердин камалышыСадыр Жапаровдун президенттик 100 күнүКооганы иликтөө: эки тараптын реакциясы, Москва механизми Ворух маселеси: тараптар жол боюнча мунасага келди