Мектептен майданга аттанган Тапа Керимкулов

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ат-Башы районунун Кара-Суу айылынын тургуну, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Тапа Керимкулов 97 жашта. Ардагер быйыл Жеңиштин 76-жазын тосуп жатат. Мектепте сабак окуп отурган жеринен согуш талаасына 17 жашында кеткенин айткан ардагер жеңишти Берлинде тосуп, алты жылдан кийин мекенине кайтып келген.